Италия менен Япониянын кызматташтыгы

Италияга барган Кишида борбор шаар Римде кесиптеши Мелони менен жолугушту.

1931024
Италия менен Япониянын кызматташтыгы

Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони жана япон кесиптеши Кишида Фумио коргонуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн эки тараптуу коопсуздук сүйлөшүүлөрүн баштоону макулдашты.

Чоң жети өлкөлөрүнө сапарынын алкагында Италияга барган Кишида борбор шаар Римде кесиптеши Мелони менен жолугушту.

Мелони менен Кишида биринчи бетме-бет жолугушуусунда өлкөлөрүнүн ортосундагы коргонуу кызматташтыгын бекемдөө үчүн эки тараптуу коопсуздук сүйлөшүүлөрүн баштоону макулдашты.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Кишида, коргонуу кызматташтыгындагы жылыштардан кийин Токио менен Римдин коопсуздук сүйлөшүүлөрүн баштоо чечимине келгенин айтты.

«Макулдашуу, өнөр жай жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты жеңилдетет» деген Япониянын премьер-министри, Европа өлкөсү Италиянын Индо-Тынч океан аймагына көңүл буруусуна ыраазы экенин билдирди.

2023-жылдагы Чоң жетиликтин лидерлеринин саммити, Япониянын премьер-министри Кишида Фумионун кожоюндугунда 19-21-майда өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Хиросима шаарында өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар