ИКУ кезексиз жыйынга чогулду

ИКУнун баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха уюмдун Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы баш кеңсесинде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Месжид-и Аксага кол салууларынын зомбулукту күчөткөнүн, аймактагы коопсуздук жана ырааттуулукту коркунучка салганын айтты.

1930775
ИКУ кезексиз жыйынга чогулду

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Аткаруу комитети Израилдин Месжид-и Аксадагы мыйзам бузууларын талкуулоо үчүн кезексиз чогулду.

ИКУнун баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха уюмдун Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы баш кеңсесинде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Месжид-и Аксага кол салууларынын зомбулукту күчөткөнүн, аймактагы коопсуздук жана ырааттуулукту коркунучка салганын айтты.

«Израилдин Месжид-и Аксага жасаган кол салуулары эл аралык мыйзамдарды жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) токтомдорун ачык түрдө бузуу менен бирге бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын сезимдерин жана ишенимин кемсинтүү болуп саналат»,-деп айткан Таха, Аксага кол салууларын токтотуу үчүн Израилге кысым көрсөтүү үчүн эл аралык чара көрүүгө чакырды.

ИКУнун Израилдин Кудстагы иш-аракеттерин тынчсыздануу менен байкагынын белгилеген Таха, Израилдин басып алган Кудустун географиялык жана демографиялык түзүлүшүн өзгөртүүгө жана исламий өзгөчөлүгүн жок кылууга багытталган иш-аракеттерди жасаганына көңүл бурду.

Баш катчы Таха, Израиль күчтөрүнүн Аксанын дарбазаларын жабуусу, мусулман коомчулугуна кол салуусу, кире бериштерин тосуусу жана Израилдин улуттук коопсуздук министри, фанат еврей Итамар Бен Гвирдин Аксага чагымчыл сапарлары сыяктуу оккупациялык күчтөрдүн көзөмөлү астындагы Израиль бийликтери менен жөөт отурукташкандардын рейддерин мындай түрдөгү мыйзам бузууларга мисал катары көрсөттү.



Тектеш кабарлар