Орусия: «Ок атышпоо келишимин сактоону улантабыз»

Орусиянын Коргоо министрлиги кечээки билдирүүсүндө, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосу уланып жатканына карабастан, орус армиясынын православдык Рождество майрамынан улам жарыяланган ок атышпоо келишимине баш ийүүнү уланта турганын билдирди.

1929467
Орусия: «Ок атышпоо келишимин сактоону улантабыз»

Орусия Украинанын бомбалоосуна карабастан орус армиясынын православдык Рождество майрамында жарыяланган ок атышпоо келишимине баш ийүүнү уланта турганын жарыялады.

Орусиянын Коргоо министрлиги кечээки билдирүүсүндө, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосу уланып жатканына карабастан, орус армиясынын православдык Рождество майрамынан улам жарыяланган ок атышпоо келишимине баш ийүүнү уланта турганын билдирди.

Билдирүүдө, «Украина куралдуу күчтөрүнүн орус позицияларына жана калктуу конуштарына каршы артиллериялык аткылоосуна карабастан, жарыяланган ок атышпоо режимин ишке ашыруу орус күчтөрү тарабынан бүгүн саат 24:00гө чейин улантылат», — деп айтылган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кириллдин чакырыгынан кийин православдык Рождество майрамынын алкагында 6-7-январда Украинада ок атышпоо жарыялады.

Убактылуу ок атышпоо 6-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө күчүнө кирди.

Католик жана протестант христиандары Рождество майрамын 25-декабрда белгилешсе, православ христиандары Рождествону 7-январда белгилешет.



Тектеш кабарлар