Михаил Подоляк Россияны 36 сааттык ок атышпоого баш ийбегени үчүн айыптады

Подоляк  Твиттер баракчасында орус армиясынын Россиянын президенти Владимир Путиндин Коргоо министрлигине Украинада 36 сааттык ок ​​атышпоо  боюнча көрсөтмөсүнө баш ийбегенин айтты.

1929374
Михаил Подоляк Россияны 36 сааттык ок атышпоого баш ийбегени үчүн айыптады

Украинанын президенттик аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк Россияны Украинадагы православдардын Рождество майрамына байланыштуу жарыялаган 36 сааттык ок атышпоого баш ийбегени үчүн айыптады.

Подоляк  Твиттер баракчасында орус армиясынын Россиянын президенти Владимир Путиндин Коргоо министрлигине Украинада 36 сааттык ок ​​атышпоо  боюнча көрсөтмөсүнө баш ийбегенин айтты.

Украинанын Херсон шаарына кечээ орус күчтөрү тарабынан кол салуу болгонун белгилеген Подоляк : "6 -  январь. Украинанын бардык жеринде аба ырайы тууралуу маалымат берилүүдө. балдар муздак баш калкалоочу жайларда. Херсондо бир өрт өчүрүү чтанциясы талкаланды. Орус ок атышпоосунун маңызы бул. Унчукпастан туруп аркадан өлтүрүү. Россия федерациясынын эч бир убадасын олуттуу кабыл албаш керек. Бул  примитивдүү жана циналык алдамчылык".

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясы Украинада ок атышпоо режимин ишке ашыра баштаганын белгилеп : "Орус аскерлеринин ок атышпоо чечимине карабастан, Киев администрациясы калктуу конуштарга жана орус аскерлерине артиллериялык чабуулун улантты», - деп билдирген.

Конашенков орус аскерлеринин артиллериялык аткылоолорду ишке ашырган Украинаг таандык позицияларга  ок атуу менен жооп бергенин айтты.

Россиянын президенти Путин кечээ Россиянын Коргоо министрлигине Украинада 36 саатка ок атышпоо  буйругун берген.

Кремлден жасалган билдирүүдө ок атышпоо чечиминин православдардын Рождество мезгилинде диний жөрөлгөлөргө катышуусуна уруксат берүү үчүн чыгарылганы билдирилип, Украина да ок атышпоого чакырылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо Россиянын ок атышпоо чечимине Украина армиясынын Донбасста алдыга жылуусуна бөгөт коюу аракети катары баа берген.

 

 



Тектеш кабарлар