Нигерияда 63 жаран уурдалып кетти

Куралчан кишилер Нигердин үч айылына кол салышты.

1927231
Нигерияда 63 жаран уурдалып кетти

Нигериянын Нигер облусунда белгисиз куралчан кишилер 63 жайкын тургунду уурдап кетишти.

Улуттук маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, куралчан кишилер Нигердин үч айылына кол салышты.

Кол салууда Дурмин айылынан 41, Жармиядан 14 жана Пандогариден 8 карапайым тургун жалпысынан 63 киши уурдалып кетти.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салууга дуушар болгон айылдар армиянын штабынан 10 чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан.

Нигерияда акыркы жылдарда карапайым элге каршы кол салуулар күчөдү.



Тектеш кабарлар