Косово аэропортунда бомба кабары берилди

Аэропорт убактылуу жабылды.

1924746
Косово аэропортунда бомба кабары берилди

Косовонун борбор шаары Приштинедеги Адем Яшари аэропорту бомба тууралуу берилген кабардан кийин убактылуу жабылды.

Косово полициясынан берилген кабарга караганда эрте мененки сааттарда Адем Яшари аэропортунда бомба коркунучу тууралуу кабар берилди.

Ушул боюнча Косово полициясынын тийиштүү мекемелер менен кызматташуу жана координация ичинде чара көргөндүгү белгиленген маалыматта : «Аэропорт коопсуздук максатында  убактылуу жабылды. Тергөө иштери, көзөмөлдөө жана коопсуздук чараларын көрүү үчүн тиешелүү бөлүмдөр ишке киргизилди»,- деп айтылды.  

 



Тектеш кабарлар