Япония Йонагуни аралына жер - аба багытындагы ракета бөлүктөрүн жайгаштырат

Кытайдын аймактык таасири күчөп  жана Түндүк Кореянын коркунучтуу ракеталык аракеттеринин негизинде Япония улуттук коргонуусун бекемдөөгө даярданууда.

1924641
Япония Йонагуни аралына жер - аба багытындагы ракета бөлүктөрүн жайгаштырат

Япон өкмөтү Тайвандан 110 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Йонагуни аралына жер - аба багытындагы ракета бөлүктөрүн жайгаштырат.

Кытайдын аймактык таасири күчөп  жана Түндүк Кореянын коркунучтуу ракеталык аракеттеринин негизинде Япония улуттук коргонуусун бекемдөөгө даярданууда.

Япониянын Коргоо министрлегинин катчысы Аоки Такеши өлкөсүнүн материктен алыс жайгашкан аралдарды коргоо үчүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөрүн айтты.

Аоки Тайванга 110 километр алыстыктагы Йонагуни аралына жер - аба багытындагы ракета бөлүктөрү жайгаштырыла тургандыгын жарыялады.

Улуттук басма сөздө Кытайдын Тайвань кысыгындагы таасиринин күчөшүнөн улам Япониянын аралга ракета бөллүктөрүн жайгаштырууну туура көргөнү белгиленди.

Япониянын эң түштүк - батыштагы административдик аймагы катары аталган Йонагуни "Нансей аралдары" деп аталган архипелагдын батышында жайгашкан.



Тектеш кабарлар