ПКК мүчөлөрү Париждеги дүкөнчүлөрдү зыянга учуратты

Жергиликтүү тургундар менен дүкөнчүлөр окуяда дуушар болгон шоктон чыга албагандарын жана материалдык чыгымы көп экенин айтышты.

1923771
ПКК мүчөлөрү Париждеги дүкөнчүлөрдү зыянга учуратты
pkk fransa paris.jpg
pkk fransa paris.jpg
pkk fransa paris.jpg
pkk fransa paris.jpg
pkk fransa paris.jpg

Франциянын борбор шаары Парижде 23-декабрда 3 кишинин өлүмү менен аяктаган кол салуудан кийин демонстрация уюштурган террордук уюм ПККнын жактоочулары туш келди кол салып, жолундагы унааларга жана дүкөндөргө зыян келтириши дүкөндөрдүн ээлери жана ага жакын жашаган тургундарды кыйын абалда калтырды.

Жергиликтүү тургундар менен дүкөнчүлөр окуяда дуушар болгон шоктон чыга албагандарын жана материалдык чыгымы көп экенин айтышты.

Анадолу агенттигине (AA) жасаган билдирүүсүндө атын атагысы келбеген Париждин тургуну, Рождество түнүндө борбор калаанын көчөлөрүндө мындай зордук-зомбулукка жана вандализмге күбө болгондугу үчүн абдан капа болгонун айтты.

Жакын жердеги дүкөнчү, ПКК тарапкерлери дүкөнүнүн жанындагы унааларды өрттөгөнү үчүн жумуш орунун жабууга аргасыз болгонун айтып, «Париждин имиджин бузуп жатышат»,-деди.

Соодагерлер зомбулуктан улам ошол күнү соодасы бир топ аз болгонун айтышты.

Париж полициясынын төрагасы Лоран Нуньес Парижде террордук уюм ПКК колдоочуларынын зомбулугунан 31 полиция кызматкеринин жараланганын жарыялады.

23-декабрда Париждин 10-округундагы Энхиен көчөсүндө 69 жаштагы француз жараны айланадагыларга ок чыгарып, 3 киши каза болуп, бирөө оор 3 киши жараланган.

Француз басма сөзүндө анын аты «Уильям М.» деп белгиленген шектүү окуя болгон жерден убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүүнүн Франциянын SNCF расмий темир жол компаниясынан пенсияга чыкканы айтылды.

Кол салган адамдын 2016 жана 2021-жылдары эки жолу киши өлтүрүүгө аракет кылганы, полициянын документтеринде жазылганы, 2021-жылдын декабрь айында Париждеги иммиграция борборуна колунда кылыч менен кол салып, 2 адамды жарадар кылганы, ошондуктан түрмөгө камалып, бул жерден бул айда чыкканы жарыяланды.



Тектеш кабарлар