Путин: «Патриоттор чыр-чатакты узартат»
Орусиянын президенти Владимир Путин Кремль сарайында орус журналисттеринин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Орусиянын президенти Владимир Путин Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Украинага Patriot абадан коргонуу системаларын бекер жибере турганын билдирип: «Бул чыр-чатакты гана узартат»,-деди.
Путин Кремль сарайында орус журналисттеринин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Батыш өлкөлөрүнүн орус мунай жана жаратылыш газына болгон чектик баа ишке ашыруусуна каршы чыккан Путин:«Алар муну колониализмге айландырууга аракет кылып жатышат. Алар өөнөп, уурдап көнүп калышкан. Европанын көпчүлүк экономикасы кул соодасынын жана Африканын, Азиянын жана Латын Америкасынын талап-тоноосунун натыйжасында өскөн»,-деп айтты.
Чектүү бааны колдонуунун орус экономикасына таасир этпей турганын баса белгилеген Путин:«Бул жөн гана административдик жол менен бааларды жөнгө салуу аракети. Мунай зат тармагындагыдай газ тармагында жакшы нерселерге алып келбейт»,- деди.
Орусиянын Украина аркылуу жаратылыш газы үчүн Украинага төлөөнү улантканын белгилеген Путин: «Алар бизди агрессорлор деп аташат, бирок алар газ транзити үчүн бизден акы алууну улантууда»,-деп айтты.
Путин АКШнын Украинага жөнөтө турган Patriot системаларына токтолуп: «Бул эски система жана алар биздин С-300 сыяктуу иштебейт. Булар коргонуу куралдары дешет, андыктан биз да ушундай деп ойлойлу. Андай болсо буга да бир чечим бар. Аны жасагандар (жөнөтүү) бекер кылышат. Бул жөн гана чыр-чатакты узартат»,-деди.
Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө токтолгон Путин, сүйлөшүүлөрдү колдогондорун баса белгилеп:«Бардык куралдуу кагылышуулар тигил же бул жол менен дипломатия аркылуу сүйлөшүүлөр менен аяктайт. Биз сүйлөшүүлөрдү токтоткон жокпуз. Украин администрациясы өзү өзүнө сүйлөшүүгө тыюу салды»,-деп айтты.