Индия аэропортторунда коронавирус тесттерин баштады

Саламаттыкты сактоо министри  Мансух Мандавия парламентте сүйлөгөн сөзүндө бул тууралуу билдирди.

1922589
Индия аэропортторунда коронавирус тесттерин баштады

Индия аэропортторунда эл аралык жүргүнчүлөргө туш келди коронавирус тестин жасай баштады.

Саламаттыкты сактоо министри  Мансух Мандавия парламентте сүйлөгөн сөзүндө бул тууралуу билдирди.

Мандавия Кытайда көбөйгөн  Ковид  - 19  бейтаптарынан улам аэропорттордо эл аралык жүргүнчүлөргө  Ковид  - 19  тестинин жасала баштагандыгын белгиледи.

Штат өкмөттөрүнө да шаарлардагы ыктымалдуу Ковид  - 19 бейтаптарына байланыштуу этият болууга чакырган министр Мандавия калкка бет кап тагууну жана социалдык аралыкты сактоону сунуш кылды.

Эпидемияда эң көп бейтап катталган Индияда 2022 – жылдын башынан бери бет капка тыюу салынып, Ковид – 19  чаралары да жеңилдетилген.

Калкынын саны 1, 4 миллиард болгон өлкөдө 2,2 миллиарддан ашуун Ковид  - 19  вакцинасы берилген.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар