Мадридде салттуу Санта Клаус чуркоосу...
Санта Клаус чуркоосу, Кастеллана бульвары жолундагы 4 чакырымдык трассада өткөрүлдү.
Испаниянын борбор шаары Мадридде салттуу Санта Клаус чуркоосуна 6 миң 105 киши катышты.
Мадридде Рождество мезгилинде салтка айланган Санта Клаус чуркоосу, Кастеллана бульвары жолундагы 4 чакырымдык трассада өткөрүлдү.
Социалдык тилектештик түшүнүгү менен уюштурулган иш-чарадан түшкөн киреше социалдык жактан четтелүү коркунучундагы балдарга жардам берүү акцияларына жумшалды.
Жетекчилер, жарышка катышкандардын расмий санын 6 миң 105 деп жарыялашты.
Аба ырайынын суугуна карабастан кызыл түстүү Аяз кийимдерин кийип чуркашкан бардык курактагы катышуучулар, спорттук жана кызыктуу оюндарды да өткөрүштү.
Испаниянын Памплона шаарында болсо Санта Клаус кийимин кийген 700гө жакын мотоциклчи шаардын борборун кыдырып, ооруканадагы балдарга белектерди алып барышты.