БАЭ Айга космостук кемесин жөнөткөн биринчи араб өлкөсү болду

Космостук кеменин Айга болжол менен 5 ай ичинде жетиши күтүлүүдө.

1917552
БАЭ Айга космостук кемесин жөнөткөн биринчи араб өлкөсү болду

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) "Рашид" аттуу космостук аппараты чалгындоо максатында Айга жөнөтүлдү.

Ушундайча БАЭ Айга космос кемесин жөнөткөн биринчи араб өлкөсү болду.

БАЭнин расмий WAM агенттигинде орун алган кабарга караганда, БАЭнин «Рашид» аттуу космостук кемеси Американын Флорида штатындагы Канаверал базасынан америкалык космостук аппарат жана ракета чыгаруучу SpaceX фирмасынын Falcon 9 ракетасы менен учурулду.

Космостук кеменин Айга болжол менен 5 ай ичинде жетиши күтүлүүдө.

Бириккен Араб Эмираттарынын 30-ноябрда чалгындоо максатында жөнөтө турган кеменин учуруу күнү эки жолу жылдырылган болчу.

Космостук кеменин Айдын геологиялык түзүлүшүн, таштарды, плазманы, чаңды, Айдын топурагын изилдөө жана жаңы техникаларды иштеп чыгуу үчүн маалымат чогултуу сыяктуу иштерди аткара турганы белгиленген



Тектеш кабарлар