Колумбияда Ковид - 19дан 14 киши каза болду
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, акыркы бир жумада Ковид - 19дан 14 кишинин каза болгону, 800 кишинин вирус жуктургандыгы маалымдалды.
Түштүк Америка өлкөсү болгон Колумбияда акыркы жумада Ковид - 19дан 14 адамдын каза болгондугу билдирилди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, акыркы бир жумада Ковид - 19дан 14 кишинин каза болгону, 800 кишинин вирус жуктургандыгы маалымдалды.
Ушундайча эпидемия башталгандан бери өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 141 миң 895ке, ооруну жуктургандардын саны 6 миллион 314 миң 769га жетти.
Жергиликтүү басма сөздө орун алган кабарларда акыркы мезгилде өлкөдө кайрадан күчөгөн Ковид-19 учурларынын «тозок ити» инфекциясынан улам келип чыкканы айтылууда.
Инфекция боюнча адис Карлос Альварес Blu радиосуна "тозок ити" деп аталган инфекциянын Омикрондун суб-варианты экенин айтты.
Колумбияда 2022 -жылдын 1- майынан тартып саламаттыкты сактоо мекемелеринен тышкары ачык жана жабык жерлерде милдеттүү түрдө маска колдонуу жоюлган.