Грецияда чыккан окуяларда 78 киши камакка алынды

Грек коопсуздук уюму берген маалыматта полициянын кечээ эрте менен баштаган операциясынын кечки сааттарга чейин улангандыгы билдирилди.

1909948
Грецияда чыккан окуяларда 78 киши камакка алынды

Грециянын борбор шаары Афинада июль айында жарылуучу зат колдонулган кол салууга аралашты деген негиз менен кармалган кишиге колдоо берген группа менен полициянын ортосунда чыккан окуяларда 78 киши камалды.

Грек коопсуздук уюму берген маалыматта полициянын кечээ эрте менен баштаган операциясынын кечки сааттарга чейин улангандыгы билдирилди. 

Жардырууга шектелгендердин бирөөсүнүн “оккупация үйлөрүндө” кармалгандан кийин имараттын террасасына чыккан бир группа  козголоңчу   таш жана ушуга окшош нерселерди ыргытып, полицияга тоскоол болууга аракет кылгандыгына байланыштуу билдириүүдө окуяларда 7 милиция кызматкеринин жаралангандыгы маалымдалды. Маалыматта окуяларга аралашкан көп сандаган кишинин көзөмөлгө алынгандыгы билдирилди.

Грек полициясы андан кийин бул кишилерден 78нин камакка алынгандыгын белгиледи.

Грек басма сөзү камалаган кишилерден бирөөсүнүн "Real News" гезити жана  "Real FM" радиосу болгон имаратта  болгон жарылуунун  шектүүлөрүнөн экендигин, кармалгандардын арасында сыйлык алган  фотожурналист Никос Пилос жана кош бойлуу аялдын да бар экендигин маалымдады. 

"Real News" гезити жана  "Real FM" радиосу болгон имаратта июль айында чыккан жарылуунун натыйжасында  чыккан өрт эки сааттык кийлигишүүдөн кийин көзөмөлгө алынган. 

 



Тектеш кабарлар