Гермнияда куш тумоосунан улам зоопарк жабылды

13 -  ноябрда өлгөн балка баштуу илек илекте куш тумоосунун аныкталгандыгы билдирилди.

1908202
Гермнияда куш тумоосунан улам зоопарк жабылды

Германиянын борбор шаары Берлиндеги зоопарк куш тумоосунун ортого чыгышынан кийин жабылды. Берлин зоопаркынан берилген маалыматта Европада куш тумоосуна бир нече жылдан бери кездешилгендиги, ушул себептен Берлиндеги зоопаркта өлгөн канаттуларда куш тумоосунун аныкталгандыгы билдирилди.  Ушунун негизинде 13 -  ноябрда өлгөн балка баштуу илек илекте куш тумоосунун аныкталгандыгы билдирилип, мунун лаборатория тарабынан да ырасталышынан кийин зоопаркта чаралардын көрүлгөндүгү айтылды. 

Маалыматта канаттулар үчүн карантиндин башталгандыгы, зоопарктын зыяратчыларга жабылгандыгы маалымдалды.

Берлин зоопаркынын директору Кристиан Керн да башка эч бир жаныбарда куш тумоосу белгилеринин жок экендигин бирок бардык канатууларда куш тумоосу тестинин жасаларын белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар