Чоң жыйырмалыктын жыйынтык билдирүүсү

Индонезияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин жыйынтык декларациясы бөлүшүлдү.

1906985
Чоң жыйырмалыктын жыйынтык билдирүүсү

Чоң жыйырмалыктын (G20) Жыйынтык декларациясында Түркиянын координациясында глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн ишке ашырылган жана 22-июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Орусия, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Украинанын ортосунда кол коюлган дан ташуу келишимине токтолуп, «Түркия жана БУУнун ортомчулугу менен кабыл алынган Стамбул келишиминен ыраазыбыз. Тиешелүү тараптардын келишимди толук, өз убагында жана үзгүлтүксүз ишке ашыруусу маанилүү» деген билдирүүлөр камтылды.

Индонезияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин жыйынтык декларациясы бөлүшүлдү.

Декларацияда «Түркия жана БУУнун ортомчулугу менен түзүлгөн Стамбул келишиминен ыраазыбыз»,-деп айтылып, тараптардын келишимди толук, өз убагында жана үзгүлтүксүз ишке ашыруусу маанилүү экени белгиленди.

Ядролук куралды колдонууга жол берилбейт деп баса белгилеген декларацияда, «Чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү өтө маанилүү. Бүгүнкү заман согуш доору болбошу керек»,деген маалымат берилди.

Декларацияда «глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу учурдагы окуяларга терең тынчсыздануу болуп жатканы» белгиленип, өзгөчө  «аяр өлкөлөр үчүн чукул чараларды көрүүгө» милдеттенебиз деген убада берилди.



Тектеш кабарлар