Ирандан Германияга жаңы санкция тууралуу жооп

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдулахиян Анналена Баербокко Твиттер аркылуу жооп берди.

1904862
Ирандан Германияга  жаңы санкция тууралуу жооп

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдулахиян өлкөсүндө жаш бир аялдын камакка алынгандан кийин каза болушу менен башталган нааразычылык акциялары тууралуу Европа Биримдигинин өздөрүнө жаңы санкция  пакетин даярдап жаткандыгын билдирген Германияга «пропорционалдуу жана так» жооп бере тургандарын билдирди

Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян Европа Биримдигинин келерки жумада Иранга жаңы санкция алып келерин билдирген немис кесиптеши Анналена Баербокко Твиттер аркылуу жооп берди.

Билдирүүсүндө Баербокту белгилеген Абдуллахиян Европа өлкөлөрүнүн Ирандагы нааразычылык акцияларга  байланыштуу мамилесин «көкүтүүчү жана кийлигишүүчү, дипломатиялык эмес мамиле» деп мүнөздөдү.

Абдуллахиян билдирүүсүндө буларга орун берди : «Мурдагы карым  - катнаштарды  үзүү узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келет. Германия жалпы кыйынчылыктарды  чечүүнү же Иранга каршы чыгууну тандашы мүмкүн. Биздин жообуз пропорционалдуу жана так болот».

Европа Биримдиги Махса Эмининин өлүмүнөн кийин өлкөгө жайылган нааразычылык акцияларына байланыштуу 17 - октябрда ирандык  11 киши жана 4 уюмга санкция салганын жарыялаган. Буга жооп катары Иран 26 - октябрда Европа Парламентинин  депутаттары менен кошо европалык 12 кишиге жана 8 уюмга санкция киргизүү чечимин кабыл алды.

Германиянын тышкы иштер министри Баербок кечээ Твиттерден берген билдирүүсүндө Ирандагы нааразычылык акцияларга карата кийлигишүүлөргө байланыштуу келерки жумада жаңы санкцияларды салуу даярдыктарын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар