БУУ дан коридору тууралуу Россия менен сүйлөшөт

Дан коридорунун маанилүү жеткирүү линиясы экендигин баса белгилеген Тремблей муктаждык болгон азык  - түлүктүн дүйнөгө жеткирилиши керектигин белгиледи.

1904609
БУУ дан коридору тууралуу  Россия менен сүйлөшөт

БУУ Кара деңиз дан коридору келишиминин жаңыланышы үчүн эртең Швейцариянын борбор шаары Женевада Россия менен сүйлөшөт.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы  Стефани Тремблей билдирүүсүндө, БУУнун соода жана өнүгүү конференциясынын башкы катчысы Ребека Гринспан жана БУУнун гуманитардык иштер боюнча жооптуу баш катчынын орун басары Мартин Гриффитстин 19 -  ноябрда акырына чыга турган  дан коридору келишиминин узартылышына байланыштуу орус жетекчилер менен Женевада жолугушарын маалымдады.

Тремблей : «Бардык тараптарды тартипти сактоого жана кемелердин өз убагында коопсуз жана тоскоолдуксуз кыймылына көмөктөшүүгө ак ниеттүү мамиле жасоого чакырабыз»,- деди.  

Дан коридорунун маанилүү жеткирүү линиясы экендигин баса белгилеген Тремблей муктаждык болгон азык  - түлүктүн дүйнөгө жеткирилиши керектигин белгиледи.

БУУнун билдиргенине караганда 1 -  августтан бери Украинадан 10 миллион тоннадан ашуун дан экспорттолду.

Глобалдык азык  - түлүк кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын координациясында жүргүзүлгөн дан өткөрүү келишимине 22 -  июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Украина, Россия, Түркия жана БУУнун ортосунда кол коюлган.

Орус жетекчилердин Украинадагы дандардын жакыр өлкөлөргө барбагандыгы жана орус дан продукцияларынын  экспорттолбогондугу тууралуу билдирүүлөрү 120 күндүк келишимдин келечегин талаш  - тартыштуу абалга алып келди.



Тектеш кабарлар