Британиянын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү планы

Премьер-министрликтин бир катчысы бул темага байланыштуу билдирүүсүндө, Британ элчилигинин Кудска көчүрүлбөй турганын айтты.

1902201
Британиянын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү планы

Британиянын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүү планы жок экени кабарланды. 

Премьер-министрликтин бир катчысы бул темага байланыштуу билдирүүсүндө, Британ элчилигин Кудска көчүрүү пикиринин каралып жатканын, бирок элчиликтин көчүрүлбөй турганын айтты.

Палестинанын Британиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы элчи Хүсам Зомлот да, Британиянын өз элчилигин Тель-Авивден Кудска көчүрүү планы жок экени тууралуу билдирүүнү кубаттагандарын маалымдады.

Зомлот, Британ элчилигинин жери жөнүндөгү маселенин күн тартибине коюлбашы керектигин белгилеп: «Жакынкы Чыгышта тынчтыкка шарт түзө турган чөйрөнү түзүү жана 105 жыл мурда Бальфур декларациясынан улам келип чыккан тарыхый адилетсиздикти жоюу үчүн көп иштер жасалышы керек»,- деди.

Израилдин премьер-министри Яир Лапид 22-сентябрда Британиянын мурдагы премьер-министри Лиз Трасстын өлкөсүнүн элчилигин Тель-Авивден Кудска көчүрүү боюнча «позитивдүү» экенин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар