Гриффитс: «Биз Түркиянын ортомчу катары негизги салымына таянууну улантабыз»

Мартин Гриффитс БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Орусиянын Кара деңиздеги дан келишимин токтотушу тынчсыздандырат деп белгиледи.

1900551
Гриффитс: «Биз Түркиянын ортомчу катары негизги салымына таянууну улантабыз»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча жардамчысы Мартин Гриффитс Орусиянын Кара деңиз дан келишимин токтотуусуна каршы «Түркиянын ортомчу, көмөкчү жана үй ээси катары негизги салымына» таянууну уланткандарын айтты.

Мартин Гриффитс БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Орусиянын Кара деңиздеги дан келишимин токтотушу тынчсыздандырат деп белгиледи.

Кеме менен ташуу тармагына акча сарпталганын жана миллиондогон адамдар кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткан учурда тамак-аш бөлүштүрүү кечеңдегенин айткан Гриффитс: «Биз Түркиянын ортомчу, көмөкчү жана үй ээси катары негизги салымына таянууну улантып жатабыз»,-деп айтты.

Глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн Түркиянын координациясында ишке ашырылган Кара деңиз дан демилгесине Украина, Орусия, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 22-июлда Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кол коюлган.

Орусиянын Кара деңиздеги дан демилгесинен чыгуусуна байланыштуу 29-октябрда Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын Севастополь шаарында Украина орусиялык согуштук жана жарандык кемелерге чабуул жасаганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, «Киев британ адистеринин катышуусунда Кара деңиз флотунун кемелерине жана дан коридорун камсыздоого катышкан жарандык кемелерге каршы террордук акт жасаган», деп айтылган.

Билдирүүдө, «Террордук актыны эске алуу менен орус тарап Украинанын портторунан айыл чарба өнүмдөрүн чыгаруу боюнча келишимдерди ишке ашырууга катышуусун токтотту»,-деп айтылат.



Тектеш кабарлар