Болгарияда куш тумоосу

Бийликтер акыркы 3 жылда бир эле фермада үч жолу куш тумоосу чыкканын билдирди.

1897235
Болгарияда куш тумоосу

Болгариянын түштүгүндөгү тоок фермасында  аныкталган куш тумоосунан улам 19 миң тооктун жок кылына турганы жарыяланды.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Криво Поле айылында куш тумоосу аныкталды.

Аймактагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча  жооптуу жетекчилердин билдирүүсүндө жумурткалаган канаттуулар багылган фермада  куш тумоосунан улам 19 миң тооктун жок кылынары белгиленди.

Бийликтер акыркы 3 жылда бир эле фермада үч жолу куш тумоосу чыкканын билдирди.

Белгилүү болгондой, оорунун адамга жугуу ыктымалдыгы аз.



Тектеш кабарлар