SOLOTÜRK шоу көрсөттү

Түркия менен бирге 50 өлкөдөн 110 фирма катышкан жарманке кечээ башталган.

1892697
SOLOTÜRK шоу көрсөттү

Түрк аба күчтөрүнүн SOLOTÜRK пилотаж тобу Тунисте уюштурулган 2-Эл аралык авиация жана коргонуу жарманкесинде көрсөтмө учуусун ишке ашырды.

Энфида шаарында өткөрүлгөн Эл аралык авиация жана коргонуу жарманкесиндеги көрсөтмө учууну Тунистеги миссия өкүлдөрү, аскер окуу жайларынын студенттери жана жетекчилер көрүштү.

F-16 менен жарым саатка жакын созулган учуунун аягында SOLOTÜRK пилоту көрүүчүлөр менен саламдашты.

16-октябрга чейин улана турган жарманкенин алкагында дагы 3 шоу көрсөтө турган SOLOTÜRK жарманкеде таанытуу стендин да ачты.

Түркия менен бирге 50 өлкөдөн 110 фирма катышкан жарманке кечээ башталган. 



Тектеш кабарлар