Пакистандагы селден каза болгондордун саны
Селден каза болгондордун саны 1697ге жетти.
1889218
Пакистанда 14-июндан бери уланган муссон жамгырларынын себебинен каза болгондордун саны 1697ге жетти.
Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин (NDMA) маалыматына караганда, 14-июндан бери уланып жаткан жамгырлардан 1697 киши, анын ичинде 631 бала жана 340 аял каза болуп, 12 миң 867 киши жаракат алды.
Жаан-чачындын кесепетинен 2 миллиондон ашык үй жараксыз абалга келип, 1 миллион 163 миңден ашуун айыл чарба малдары кырылып калды.
Селдин кесепетинен 13 миң 97 чакырым жол жана 440 көпүрө бузулуп, 33,4 миллион адам жабыркады.