Кабуда болгон жарылууда 2 киши каза болду

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салуу болгон учурда мечитте Ички иштер министрлигинин айрым кызматкерлери болгон.

1888924
Кабуда болгон жарылууда 2 киши каза болду

Афганстандын борбор шаары Кабулда Талибан убактылуу өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин кампусундагы мечитте аср намазы учурунда  болгон жарылууда 2 киши каза болду.

Ички иштер министрлигинин  кире бериштери коопсуздук чараларын көргөн Талибан күчтөрү тарабынан жабылып, массалык маалымат кызматтарынын видео тартуусуна уруксат берилген жок. 

Кабулдагы  Тез жардам ооруканасынан  берилген маалыматта жарылууда  каза болгон 2 киши жана жаракат алган 18 кишинин ооруканага жаткырылгандыгы билдирилди. 

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салуу болгон учурда мечитте Ички иштер министрлигинин айрым кызматкерлери болгон.

Кабулдун  шиит хазарлар жашаган Дешт-и Берчи мааласында билим берүү мекемесинде жума күнү болгон жардырууда 53 киши алардын ичинен  46сы студент кыз каза болгон.

 



Тектеш кабарлар