Украина портторунан ташылган дан эгиндери
Жүгөрү, буудай, күн карама, күн карама майы, кант кызылчасы, соя, буурчак, арпа сыяктуу тамак-аш азыктары кемелер менен ташылууда.
Украинанын портторунан ташылган дан эгиндеринин көлөмү 6 миллион тоннадан ашты.
Орусия-Украина согушунан улам келип чыккан «азык-түлүк кризиси» коркунучун жоюуга карата Түркиянын аракеттери менен түзүлгөн «дан коридору» аркылуу ташылган эгиндин көлөмү 6 миллион тоннадан ашты.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан «Украина портторунан дан жана азык-түлүктөрдү коопсуз ташуу демилгеси документине» кол коюлган.
Стамбулдагы биргелешкен координациялык борбордун иши 27-июлда башталып, биринчи кеме 2022-жылдын 1-августунда Украинанын Одесса портунан жол тарткан.
Бүгүнкү күнгө чейин Украинанын портторунан 260 кеме чыгып, ташылган эгиндин көлөмү 6 миллион тоннадан ашты.
Жүгөрү, буудай, күн карама, күн карама майы, кант кызылчасы, соя, буурчак, арпа сыяктуу тамак-аш азыктары кемелер менен ташылууда.
Ошондой эле бүгүн дагы 8 кеменин Украина портторунан жөнөп кеткени айтылды.