Европада экинчи жолу бир кишиде куш тумоосу аныкталды

Испаниянын Гвадалахара шаарында канаттуулар фермасынын кызматкеринин куш тумоосу менен ооруганы кабарланды

1888195
Европада экинчи жолу бир кишиде куш тумоосу аныкталды

Европа ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча  борбору (ECDC), Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жана Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эскертүүлөр жана өзгөчө кырдаалдарды координациялоо борбору 27-сентябрда Гвадалахарадагы канаттуулар фермасында иштеген адамда куш тумоосу аныкталганын, карантинге алынган жана симптомсуз болгон бейтаптын анализи кыска убакыттын ичинде «терс» болуп чыккандыгын билдирди.

Куш тумоосунун Европада экинчи, Испанияда биринчи жолу бир адамда чыккандыгы белгиленди. Биринчи бейтап декабрь айында Британияда катталган.

"H5N1" деп аталган куш тумоосу Кытайда 1990 - жылдардын аягында аныкталган жана 1997 - жылы Гонконгдо вирусту жуктурган 18 адамдын 6сы каза болгон.  Изилдөөчүлөр адамдардын бул вирусту жайып, олуттуу жыйынтыгы болушу мүмкүн экендигин жарыялашкан.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун маалыматтарына караганда 2003 -  жылдан бери куш тумоосу аныкталган 864 кишиден 456сы каза болду.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар