Блинкен БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн Орусияга кысымды күчөтүүгө чакырды

Энтони Блинкен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өткөрүлгөн «Украинада тынчтык жана коопсуздукту сактоо» аттуу жыйында сөз сүйлөдү.

1883592
Блинкен БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн Орусияга кысымды күчөтүүгө чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн, Орусияга Украинадагы согушта өзөктүк коркутууларын токтотуусу керектиги тууралуу “ачык билдирүү жөнөтүүгө” чакырды.

Энтони Блинкен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өткөрүлгөн «Украинада тынчтык жана коопсуздукту сактоо» аттуу жыйында сөз сүйлөдү.

Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан согуштун өлкөдө жана Украина элинде чоң кыйроолорду гана алып келбестен, Коопсуздук Кеңешин потенциалдуу ачарчылык, климаттын өзгөрүүсү жана кеңири жайылган жакырчылык сыяктуу башка глобалдык кризистер менен да бетме-бет келтиргенин айткан Блинкен, Кеңеш мүчөлөрүнөн Орусияга өзгөчө ядролук коркутууларына байланыштуу кысымды күчөтүүнү өтүндү.

Энтони Блинкен: «Кеңештин ар бир мүчөсү бул ядролук коркутуулардын дароо токтотулушу керектиги жөнүндө ачык билдирүү жөнөтүшү керек»,- деди.

Орус президенти Владимир Путин апта башындагы билдирүүсүндө, өзөктүк куралга ээ болгон өлкөсүнүн өз аймагына коркунуч жаралса, өлкөнү жана элин коргоо үчүн “колундагы бардык каражаттарды сөзсүз колдоноорун” жарыялаган.


Этикеткалар: #өзөктүк коркунучун

Тектеш кабарлар