Пакистандын Синд провинциясында мектептердин 40 пайызы талкаланды

Улуттук басма сөздө жарыяланган маалыматка караганда, провинция боюнча 5619 мектеп толугу менен талкаланып, 12 миң мектеп зыян тарткан.

1878270
Пакистандын Синд провинциясында мектептердин 40 пайызы талкаланды

Пакистандагы сел апаатынан улам Синд провинциясында мектептердин 40 пайызы кыйрап калды.

Улуттук басма сөздө жарыяланган маалыматка караганда, провинция боюнча 5619 мектеп толугу менен талкаланып, 12 миң мектеп зыян тарткан.

Мектептердин 40 пайызы талкаланган Синдде бул 16 миңден ашык мектепти пайдаланууга болбойт дегенди билдирет.

Кыйратылган мектептерден тышкары 2500дөн ашык мектеп жардам лагерлерине айландырылган. Сел кырсыгынан улам эвакуацияланган 65 миңден ашык үй-бүлө бул мектептерге жайгаштырылды.

Бийлик мамлекеттик мектептерге кабыл алуу 50 пайызга кыскарып, миңдеген балдар базалык билим ала албай калат деп кооптонууда.

Бийлик суу ташкынынан жапа чеккен аймактарда “кемпинг мектептерин” ачууну пландап, ажырымды жоюуну каалайт.

Пакистанда 14-июндан бери жааган муссон жамгырларынын кесепетинен 1396 адам каза болду. Синд провинциясында 578 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар