Орусия Украинадагы аскердик аракети тууралуу маалымат берди

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков 24-февралда Украинада башталган согушта орус армиясынын аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

1875487
Орусия Украинадагы аскердик аракети тууралуу маалымат берди

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Херсон жана Днепр аймактарында  Украинага таандык 3 согуштук учагын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Конашенков 24-февралда Украинада башталган согушта орус армиясынын аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Конашенков, Украинанын аскер бөлүктөрүнүн Николаев жана Криворожский багытындагы айрым аймактарда позициясын сактап калуу аракети ишке ашпай калганын айтып, бир күндө украин армиясынын 23 танк, 27 аскердик унаа, 14 бронетранспортер, 9 оор пулемет пикап жана 230дан ашык жоокеринен ажыраганын айтты.

Конашенков белгилегендей, орус аба күчтөрү Херсон аймагындагы Сергеевкиге жакын жерде Украинанын 2 Су-25 учагын жана Днепр аймагындагы Новоселовканын айланасында 1 Миг-29 учагын атып түшүргөн.

Украина армиясынын 95-Аба-десанттык аскерлеринин Донецк аймагындагы Славянск отурукташкан жериндеги убактылуу жайгаштыруу пунктун жогорку тактыктагы ракеталар менен атышканын белгилеген Конашенков ал жерде 100дөн ашуун украин аскеринин таасирсиз абалга келгенин айтты.

Украина армиясынын 93-механикалаштырылган бөлүгүнүн Константиновка конушундагы убактылуу жайгаштыруу пунктун жок кылгандарын айткан Конашенков ал жерде да 120дай аскердин таасирсиз кылынганын айтты.

Бир күндө 53 артиллериялык позицияга сокку урулганын белгилеген Конашенков, Николаев аймагындагы Вознесенск,Великое Артаководо, Запорожье облусунун Ореховдо, Харьковдогу Меловая, Донецк аймагындагы Курахово жана Краматорск шаарларында жалпы 6 ок-дары сакталган кампага сокку ургандарын айтты.

Константиновкада АКШда жасалган көп ооздуу HIMARS ракета аткычынын жок кылынганын айткан Конашенков, Украинага таандык 3 учкучсуз учуучу аппараттын ар башка аймактарда атып түшүрүлгөнүн айтты.

Конашенков: «Учурда Украинага таандык 286 учак, 151 тик учак, 1867 учкучсуз учуучу аппарат, 372 абадан коргонуу ракета системасы, 4776 танк жана бронетехника, 824 көп стволдуу ракета аткычтар, 3366 гаубицалар жана минометтор, 5250 аскердик унаа жок кылынды»,-деп айтты.

Басма сөз катчысы Конашенков, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) делегациясы Запорожье атомдук электр станциясында болгону менен, Киев администрациясы станцияны дагы бир жолу басып алууга аракет кылганын, бирок ага бөгөт коюлганын айтты.



Тектеш кабарлар