Афганистанда сел жүрдү

Селден улам 8 адам каза болду.

1868917
Афганистанда сел жүрдү

Афганистанда сел кырсыгынан 8 адам каза болуп, 6 адам жаракат алды.

Өлкөнүн чыгышындагы Нангархар шаарында нөшөрлөгөн жамгырдан кийин болгон селде каза болгондордун 4сүнүн жаш балдар экендиги билдирилди.

Апаат жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Кари Сейфулла каза болгондордун 4сүнүн нөшөрлөп жааган жамгырдан улам үйүнүн чатырынын кулашынын натыйжасында каза болгон балдар экенин, көп сандаган үйлөрдүн суу астында калганын же катуу жабыркаганын айтты.

Парван провинциясында жекшемби күнү болгон суу ташкынынан 17 адам каза болду.



Тектеш кабарлар