Маймыл чечеги варианттарына жаңы ысым

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму маймыл чечги вирусунун варианттарынын атын өзгөртүү чечимин кабыл алды.

1867365
Маймыл чечеги варианттарына жаңы ысым

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму маймыл чечеги вирусунун варианттарынын атын өзгөртүү чечимин кабыл алды. 

Уюмдан жасалган маалыматта атын 1958 -  жылы алган маймыл чечегинин варианттарынын вирус жайылган аймактарга карата аталгандыгы жана Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун  адистеринин жалпы дүйнөдө жайылган бир вирустун варианттарына өлкөнүн атынын берилбеши керектигине байланыштуу бирдей пикирге барылгандыгы билдирилди. 

Ушунун негизинде маймыл чечеги вирусунун түрлөрүнүн рим цифралары менен классификацияланары, Конго түрүнүн  түр Iге  жана Батыш Африка түрүнүн  түр IIге алмаштырыла турганы белгиленди.

Маймыл чечеги вирусунун учурдагы атынын алмаштырылышы үчүн да процесстин баштатылгандыгы, ушунун негизинде вирустун жаңы атына байланыштуу сунуштардын Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмуна караштуу Эл аралык классификациялоо үй-бүлөсү (FIC) веб-сайтына (icd.who) берилиши мүмкүн экендиги бөлүшүлдү. 

Билдирүүдө мындан ары вирустарга ат коюуда маданий, социалдык, улуттук, аймактык жана этникалык сезгичтикти камтыган ысымдардын берилбеши керектиги белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, ушул убакка чейин дүйнө жүзү боюнча вирустан 11 адам каза болсо, 89 өлкөдө 27 814 маймыл чечек учуру катталган.

 



Тектеш кабарлар