НАТОдон косоволук тараптарга чакырык

Йенс Столтенберг социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө, Косовонун түндүгүндөгү чыңалуу тууралуу Сербиянын президенти Александр Вучич менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгиледи.

1863491
НАТОдон косоволук тараптарга чакырык

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Сербия-Косово чыңалуусундагы пикир келишпестиктерди чечүү үчүн тараптардын диалог түзүшү керектигин билдирди.

Йенс Столтенберг социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө, Косовонун түндүгүндөгү чыңалуу тууралуу Сербиянын президенти Александр Вучич менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгиледи.

«Бардык тараптар Европа Биримдигинин (ЕБ) ортомчулугундагы диалогго конструктивдүү катышып, пикир келишпестиктерди дипломатиялык жол менен чечиши керек», деген Столтенберг НАТОнун Косово күчтөрүнүн (KFOR) стабилдүүлүккө коркунуч жаралса кийлигишүүгө даяр экенин айтты.

Косоводо жашаган сербдер менен бирге ар бир адам Косовонун күбөлүгүнө жана номерине ээ болушу керек деп жарыялангандан кийин, Косоводогу сербдер 31-июль күнү кечинде өлкөнүн түндүгүндөгү чек ара бекеттерин жапкан.

Косово өкмөтү да Сербия чек ара капкаларына баруучу жолдорго коюлган бардык тосмолор алынып салынгандан кийин Сербия менен кризиске себеп болгон ишке ашырууну 1-сентябрга жылдырууну чечкен.

Сербия 2008-жылы бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Косовону өз аймагы катары эсептейт.

2011-жылы Европа Биримдигинин (ЕБ) ортомчулугу менен башталган Белград-Приштина диалог процессинин мамилелерди нормалдаштырууну жана акырында бири-бирин таанууну максат кылууда.

Косово менен Сербиянын ортосундагы диалог процесси 31-июлдун кечинде болгон чыңалуу сыяктуу ар кандай себептерден улам үзгүлтүккө учурап келет.



Тектеш кабарлар