БУУ Бейрут портундагы жарылуу тууралуу иликтөөнүн жүргүзүлүшү керектигин билдирди

Бириккен Улуттар Уюму  эки жыл мурда Ливандын борбору Бейрут портунда болгон чоң жардыруу боюнча эл аралык иликтөөнүн башталышы керектигин жарыялады.

1863689

БУУнун адистери тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта бул окуянын атомдук болбогон эң чоң жарылуулардын бири экендиги баса белгиленип : "Жарылуунун эмне себептен болгондугун билүү үчүн ушул кезге чейин эч нерсе жасалган жок",- деп айтылды. 

Жарылуунун экинчи жылында Ливан калкынын каза болгондор үчүн адилеттикти күтүүнү улантып жаткандыгы белгиленген билдирүүдө : "Эл аралык иликтөөнү кечигүү болбостон баштоого чакырабыз",- деп айтылды. 

Жардыруудан кийин БУУнун Ливан өкмөтүн окуяны иликтөөгө чакырганы, бирок процесске  бир нече жолу тоскоолдуктун болгону ортого салынып булар айтылды : "Каза болгондордун жакындары ливандык жетекчилер  көп тараптуу система жүргүзгөн иликтөө аркылуу бере албаган жоопторду алуу үмүтү менен Адам укуктары боюнча кеңештин көзөмөлү астында көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты".

Тектеш кабарлар