Тайвань Пелосинин сапарына ыраазы

Тайвандын Тышкы иштер министрлиги Нэнси Пелосиге ыраазычылык билдирди.

1862872
Тайвань Пелосинин сапарына ыраазы

Тайвань Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин сапарына ыраазы экенин маалымдады.

Тайвандын Тышкы иштер министрлиги темага байланыштуу билдирүүсүндө бул сапар менен эки тараптуу карым-катнаштардын дагы да жакшы деңгээлге жете турганын белгилеп, Тайванга бардык платформаларда тынымсыз колдоо көрсөткөн Нэнси Пелосиге ыраазычылык билдирди.

АКШ менен Тайвандын эл аралык өнөктөштүктө бири-бирине пайда алып келе турган кызматташтык үчүн аракетин уланта турганы, 25 жыл мурун Тайванга барган АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Ньют Гингричтен кийин Нэнси Пелосинин сапарынын эки тарап үчүн чоң кадам болгону белгиленди.

Бир тараптан кечээ кечинде аралга барган Пелоси бүгүн эртең менен Тайвандын лидери Цай Инг-вэн менен жолугушту.

Жолугушууда Цай Пелосиге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытайдын аскердик коркутууларына каршы позициясынан кайтпай тургандарын айтты.

Тайванды ар дайым колдой тургандарын белгилеген Пелоси да АКШнын «Бир Кытай» саясатын урматтай турганын, бирок Тайванга болгон колдоонун мурдагыдан да маанилүү экенин билдирди.

Нэнси Пелоси Тайвандын парламентине жасаган иш сапарынын алкагында болсо "Тайвандын жакшы досу" деп аталганына сыймыктанганын айтып: «Биз Тайванды дүйнөдөгү эң эркин коомдордун бири болгондугу үчүн баалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар