Пелоси Тайванга барды

Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдан чыккандан кийин Нэнси Пелоси жана аны коштоп жүргөн адамдарды ташыган «Боинг С-40» үлгүсүндөгү аскердик учагы чыгыш тараптан Тайвандын аба мейкиндигине кирип, Тайбэйдеги Соншан аэропортуна конду.

1862850
Пелоси Тайванга барды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен 5 кишилик конгресс делегациясын ташыган учак кечээ кечинде Тайванга келди.

Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдан чыккандан кийин Нэнси Пелоси жана аны коштоп жүргөн адамдарды ташыган «Боинг С-40» үлгүсүндөгү аскердик учагы чыгыш тараптан Тайвандын аба мейкиндигине кирип, Тайбэйдеги Соншан аэропортуна конду.

Пелоси өзүнүн Твиттер барагында бөлүшүүсүндө анын Тайвандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрү «жалпы кызыкчылыктарды колдой турганын» баса белгилеп:«Тайвандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрүбүз өнөктөшүбүздү колдой турганыбызды дагы бир жолу тастыктап, жалпы кызыкчылыктарыбызды, анын ичинде эркин жана ачык Индо-Тынч океан аймагын алдыга жылдырууга көмөктөшөт. Бул сапар Тайвандын демократиясын колдоо боюнча Кошмо Штаттардын кынтыксыз милдеттенмесин урматтайт», деген сөздөргө орун берди.

Бир тараптан Кытай Коммунисттик партиясынын маалымат органы Global Times, Пелосинин учагы Тайванга жакындаганда Кытайдын S-35 согуштук учактарынын Тайван кысыгынан өткөнүн билдирди.

29-июлда АКШдан чыгып, Гавайиде тыныгуу алган Пелоси жана анын 5 мүчөлүү Конгресс делегациясы мурунку күнү Сингапурда, кечээ Малайзияда сүйлөшүү өткөрдү.

Өкүлдөр палатасынын спикеринин расмий веб-сайтында Индо-Тынч океан аймагына сапар программасында жарыяланган билдирүүдө Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея жана Япония кирген турдун аялдамаларынын арасында Тайван орун алган эмес.

82 жаштагы Пелосинин апрель айында Тайванга пландалган сапары ал коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) жуктуруп алган деген негизде токтотулган.



Тектеш кабарлар