Россия : "Афганистанда ДЕАШ террористтеринин саны 6 миңге чыкты"

Владимир Путиндин Афганистандагы атайын өкүлү Замир Кабулов борбор шаар Москвада өткөргөн пресс  - жыйынында Афганистан тууралуу маалыматтарды берди.

1860800
Россия : "Афганистанда ДЕАШ террористтеринин саны 6 миңге чыкты"

Россия Афганистанда террордук уюм ДЕАШка мүчө террорист саны үч эсеге көбөйүп, 6 миңге жеткенин билдирди. 
Росиянын Президенти Владимир Путиндин Афганистандагы атайын өкүлү Замир Кабулов борбор шаар Москвада өткөргөн пресс  - жыйынында Афганистан тууралуу маалыматтарды берди. 

Афганистанда Талибан убактылуу өкмөтүнүн кыймылдарына баа берген Кабулов Талибандын өлкөнү башкаруу үчүн "бириктирүүчү" идеологиясынын жок экендигин белгиледи. 

Бир тараптан Кабулов Афганистанда учурдагы башкарууга каршы аскердик тең салмактуулукту түзө ала турган оппозиция күчүнүн жок экендигин айтты. 

Замир Кабулов Афганистандагы ДЕАШ темасына да токтолуп, аталган уюмга мүчө террористтердин саны көбөйгөнүн айтып : "Булардын саны 6 миңге чыкты. Талибандын бийликке келиши (2021 -  жыл 15 -  август) жана ДЕАШка каршы катуу кадамдарды ташташынан кийин террористтердин саны 2 миңге жакын болгон. Тактап айтканда 3 эсе өскөндүгү сөз болууда. Бул Афганистандагы терс абал. Анткени ДЕАШ террористтери мурун болгондой эле бир гана Афганистанды эмес, коңшу өлкөлөрдү да туруксуздаштырууну ыктайт",- деди. 

Орус өкүл : "Санкциялардан улам талиптер антитеррордук күчтөрдүн согуштук мүмкүнчүлүгүн жана каржылык абалын адекваттуу колдоо үчүн жетиштүү ресурстарга ээ эмес», - деди.



Тектеш кабарлар