Пакистанда дайынсыз жоголгон 2 альпинисттин сөөгү табылды
Канадалык Ричард Картье 19-июлдан бери, австралиялык Мэтью Икин болсо 22-июлдан бери изделип жаткан болчу.
1860155
Пакистандагы К2 тоосунан түшүп келе жатып жоголгон канадалык жана австралиялык 2 альпинисттин сөөгү табылды.
Улуттук маалымат каражаттарынын жазганына караганда, 8 миң 611 метр бийиктиктеги К2 тоосунан түшүп келе жатып жоголгон канадалык Ричард Картье 19-июлдан бери, австралиялык Мэтью Икин болсо 22-июлдан бери изделип жаткан.
Кургактыктагы иштер жетишсиз болгондон кийин дрондор менен издөө-куткаруу иштери улантылып, альпинисттердин жансыз денелери табылды.
Жетекчилер эки альпинисттин тең ар кайсы жерлерде ташка кулап түшкөнүн жана денелеринин тоңгон абалда табылганын билдиришти.