Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1858751
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Одесса портунда Украинанын аскердик кемеси менен Америка Кошмо Штаттары (АКШ) тарабынан берилген (Harpoon) кемеге каршы ракета кампасына сокку урганын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Украинадагы чабуулдардын уланып жатканын белгилеген Конашенков, деңизден жана кургактыктан атылган жогорку тактыктагы узак аралыкка атуучу ракеталар менен Кировоград аймагындагы Канатово аскердик базасында Украина аба күчтөрүнүн уча турган техникалары атылганын айтты.

Конашенков: «Узак аралыкка учуучу, жогорку тактыктагы деңизден атылган ракеталар менен Одесса портундагы кеме оңдоочу заводдун пристанында Украинанын аскердик кемеси жана АКШ тарабынан Киев режимине берилген «Харпун» кемеге каршы ракета кампасы жок кылынды. Мындан тышкары Украинанын деңиз флотунун кеме оңдоо жана модернизациялоо ишканасынын өндүрүштүк базалары иштен чыгарылды»,-деп айтты.

Николайев аймагында орус учактары жогорку тактыктагы куралдар менен Украина армиясынын 28-механикалаштырылган бөлүктөрү менен 123-аймактык коргонуу бөлүктөрүнүн курал-жарак жана ок-дары кампасын жок кылганын билдирген Конашенков, Донецк областындагы Артёмовск конушуна жакын жерде Украина армиясынын 2 бөлүгү менен АКШдан жасалган 2 M777 гаубицалар атылганын белгиледи.

Орус өкүлү, «24-февралдан тарта Украинага таандык 260 учак, 144 тик учак, 1605 учкучсуз учуучу аппарат, 357 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 4156 танк жана бронетехника, 763 көп стволдуу ракета аткычтар, 3196 гаубицалар жана минометтор жана 4457 атайын аскердик техникалар жок кылынды»,деген маалыматты берди.



Тектеш кабарлар