АКШ реактиви деңизге кулап түштү
АКШнын Деңиз күчтөрүнүн 6-Флот командирлиги маалымат берди.
1854300
Жер Ортолук деңизиндеги Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) "Гарри С.Трумэн" аттуу учак конуучу кемесинде жайгашкан F-18/A согуштук учагы катуу шамалдан улам деңизге кулап түштү.
АКШнын Деңиз күчтөрүнүн 6-Флот командирлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, F/A-18 Super Hornet реактивинин 8-июлда Жер Ортолук деңизиндеги катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгырдан улам «Гарри С.Труман» учак конуучу кемесинен деңизге кулап кеткени билдирилди.
Окуянын кеменин деңизде май куюу учурда болгондугу белгиленип: «Күтүлбөгөн катаал аба ырайында болгон окуяда бир деңизчи жеңил жаракат алды»,-деп кабарланды.
Билдирүүдө окуя боюнча иликтөө иштери башталганы айтылды.
"Трумэн" учак конуучу кемесинин кызмат тобу декабрь айынан бери Жер Ортолук деңизде жайгашууда.