Игорь Конашенков Украинадагы аскердик аракеттер тууралуу маалымат берди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Жылан аралына жогорку тактыктагы ракеталар менен кол салгандарын айтты.

1853428
Игорь Конашенков  Украинадагы аскердик аракеттер тууралуу маалымат берди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Жылан аралына жогорку тактыктагы ракеталар менен кол салгандарын айтты.

Конашенков борбор шаар Москвада орус армиясынын 24-февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушундагы кыймылдарына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Конашенков Украинанын Донецк облусунун Соледар шаары багытында украин аскерлеринин позицияларына жогорку тактыктагы куралдар менен кол салуулардын жасалганын айтып : "Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 24 - механикалаштырылган бригадасынын бул чабуулдардагы жоготуулары болжол менен 2500 аскерге жетти. Бул сөз болуп жаткан бригаданын 60 пайызын түзөт. 79 - аба чабуулу бригадасынын дээрлик бардыгы жок кылынды. Бул бригаданын жоготуулары 80 пайыздан ашык”,- деди.  

Украина армиясынын 80 - абадан чабуул бригадасынын кээ бир аскерлеринин согушту таштап, армиядан качып кеткенин айткан Игорь Конашенков, армиядагы жоготуулардын украин башкаруучулугун улутчул батальондорун фронтко жөнөтүүгө мажбурлаганын жактады.

Конашенков Киев башкаруусунун Жылан аралына Украина желегин тигүүгө аракет кылгандыгына көңүлдөрдү буруп : «Эрте менен саат 05: 00 чамаларында бир канча украиналык аскер бир моторлуу кайык менен аралга келип, желек менен сүрөткө түшүштү. Жылан аралына карата орус учагы тарабынан жогорку тактыктагы ракета менен кол салуу болду. Бул кол салууда аралдагы украиналык аскерлердин бир бөлүгү атылды. Тирүү калгандар Одесса аймагындагы Приморск отурукташуу жерине карашай качты»,- деди.

Орус басма сөз катчысы Украинада согуш башталгандан бери 234 учак, 137 тик учак жана 1479 учкучсуз учуучу аппарат, ошондой эле 353 абадан коргонуу ракета системасы, 3 миң 935 танк жана бронетранспортер, 724 көп стволдуу ракета аткычтар, 3935 танк жана бронетехника, 724 көп стволдуу ракета аткычтар, 3102 гаубица менен минометтор, 4644 атайын аскердик техниканын жок кылынгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар