АКШдан Украинага жардам

Баден башкаруусу ишин баштагандан бери Укранага 7,6 миллиар долларлык коопсуздук жардамын берди.

1850985
АКШдан Украинага жардам

Америка Кошмо Штаттарынын  Коргоо министрлиги (Пентагон) Украинага өнүккөн абадан коргонуу системалары менен кошо 820 миллион долларлык кошумча коопсуздук жардамын берерин билдирди.

Пентагондун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө сөзү болгон кошумча жардамдын 50 миллион долларлык бөлүгүн президент Жо Байдендин АКШ инвентарынан курал  -жарактарды камсыз кылуунун негизинде 770 миллион долларлык бөлүгүнүн болсо Украинанын коопсуздукка жардам берүү демилгесинин (USAI) алкагында бериле турганы билдирилди. 

Президент Байден башкаруучулугунун Украинага он төртүнчү жолу армиясынын инвентаризациясынан курал жана жабдыктарды бергени белгиленген билдирүүдө, бул жардам пакетинин АКШнын инвентарындагы жогорку тактыктагы артиллериялык ракета системалары (HIMARS) үчүн кошумча ок-дарыларды камтыгандыгы маалымдалды. Билдирүүдө өзгөчө буларга орун берилди : "Украинанын коопсуздукка жардам берүү демилгесинин негизинде коргоо министрлиги Украинага орус кол салууларына каршы өзүн коргоо үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул пакетте : Кургактыктан  абага атуучу өнүктүрүлгөн ракета системасы; 150 миң 155 мм артиллериялык ок  - дары менен  4 даана кошумча артиллериялык ок ​​атуучу радарлар».

Байден башкаруусу ишин баштагандан бери Укранага 7,6 миллиар долларлык коопсуздук жардамын берди. Пентагон бул жардамдын 6,9 миллиард доллары Россия - Украина согушу башталгандан бери (24-февраль)  берилгенин билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар