БУУ Афганистанда болгон жер титирөөдө жардам берген Түркия менен Пакистанга ыраазычылык билдирди

Талибан 5,9 баллдык кыйратуучу жер титирөөдө  көп сандаган кишинин каза болушунан кийин эл аралык колдоо үчүн чакыруу салды.

1847213
БУУ Афганистанда болгон жер титирөөдө жардам берген Түркия менен Пакистанга ыраазычылык билдирди

 БУУ Афганистанда 1000 кишинин өлүмүнө жана 1500 кишинин жаракат алышына себеп болгон жер титирөө менен күрөшүүдө Түркия жана Пакистандын жардамдарынан улам мактоо менен сөз кылды.

БУУнун Нью  -  Йорктогу штаб  - квартирасында  өткөн пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Афганистан атайын өкүлүнүн орун басары жана Гуманитардык жардам координатору Рамиз   Ал -  Акбаров : «Түркия элчилигинин жетекчилери менен сүйлөштүм. БУУнун Афганистанда издөө – куткаруу мүмкүнчүлүгү жок жана бул жардамды бере турган өлкө Түркия экендигине ишенебиз»,- деди.

Ал  - Акбаров : «Азык  -  түлүк таратуу борборлорунун курулушунда түрк жана пакистандык жетекчилердин чоң роль ойногондугун бул жерде айткым келет»,- деди.

Түрк жетекчилердин БУУдан расмий жардам талап күтүп жаткандарын айткан Ал  -  Акбаров : «Биз тараптан расмий жардам талап билдиргенден мурда өлкөдөгү бийлик менен (Талибан) талкуулоону күтүп жатабыз. Пактика, Жаян жана Бермал провинцияларындагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга биринчи жардам көрсөтүүчү БУУнун топтору учурда аянтта жана дагы көп жардамды аракетке өткөрүүгө аракет кылуудабыз»,- деди.

Ошол эле учурда Талибан 5,9 баллдык кыйратуучу жер титирөөдө  көп сандаган кишинин каза болушунан кийин эл аралык колдоо үчүн чакыруу салды.

Жогорку мартабалуу Талибан жетекчиси болгон Абдул Кахар Балхи өкмөттүн  элге керектүү деңгээлде каржылык жардам бере албай жаткандыгын айтты.

Балхи жардам мекемелеринин, коңшу өлкөлөрдүн жана дүйнө күчтөрүнүн жардам бергендигин бирок жардамдын чоң өлчөмдө көбөйтүлүшү керектигин, анткени мунун он жылдан бери болбогон кыйратуучу жер титирөө экендигин айтты.



Тектеш кабарлар