Нигерияда маймыл чечегинен бир адам каза болду

Вирустун 1-19-июнь күндөрү борбор шаар Абуджа менен бирге 17 аймакка жайылганы билдирилди.

1846675
Нигерияда маймыл чечегинен бир адам каза болду

Нигерияда маймыл чечеги вирусунан бир адам каза болду.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) директору доктор Ифедайо Адетифа, вирустун 1-19-июнь күндөрү борбор шаар Абуджа менен бирге 17 аймакка жайылганын билдирди.

Бул убакыт ичинде 41 кишинин маймыл чечеги оорусуна чалдыкканын белгилеген Адетифа, вирустан бир кишинин каза болгонун айтты.

Адетифа эпидемияга каршы чаралар көрүлүп, ар түрдүү үгүт иштери башталганын кабарлады.

Эндемикалык вирус себеп болгон сейрек оорулардын бири болгон маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп 2ге бөлүнөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, кээде адамдан адамга жугуучу вирус дене табын көтөрүп, кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.



Тектеш кабарлар