Макрон премьер - министрдин отставкасын кабыл алган жок

Франциянын президенти Эмануэль Макрон премьер  - министр Элизабет Борндун отставкасын кабыл алган жок.

1846263
Макрон премьер  - министрдин отставкасын кабыл алган жок

Франциянын президенти Эмануэль Макрон премьер  - министр Элизабет Борндун отставкасын кабыл алган жок.

Елисейге таянган өлкөнүн басма сөзүндө Макрондун Борн сунуштаган «сылыктык отставкасын» четке какканы белгиленди.

Макрон парламенттеги түрдүү саясий партиялардын жетекчилери менен бүгүн жана эртең Елисейде жекеме-жеке жолугушууларды өткөрөт.

Бир тараптан экинчи туру 19-июнда өткөрүлгөн жалпы шайлоодо Макрондун тегерегиндеги «Ансамбль» (Бирге) альянсы парламентте абсолюттук көпчүлүккө ээ боло албагандандыктан оппозициядан түрдүү ысымдар Борндун кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Салт боюнча Францияда ар бир жалпы шайлоодон кийин  премьер-министр президентке кызматтан кетүү тууралуу арызын сунуштайт.

Бул абал «сылык-сыпаа отставкага кетүү» деп да аталат.

Ошол эле учурда Эммануэль Макрон бүгүн жана эртең Елисейде түрдүү саясий партиялардын лидерлери менен шайлоонун жыйынтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.



Тектеш кабарлар