Мадридде Финляндия менен Швециянын альянска кошулуу арызы талкууланат
Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес партиясынын (Социалисттик жумушчу партиясы) Мадриддеги иш чарасында сөз сүйлөдү.
Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес 28-30-июнда Мадридде өткөрүлө турган НАТО саммитинин негизги темасынын Финляндия менен Швециянын альянска кошулуу арызы болорун билдирди.
Альбарес партиясынын (Социалисттик жумушчу партиясы) Мадриддеги иш чарасында чыгып суйлөп, мындай деди: «Финляндиянын жана Швециянын НАТОго кирүү ыктымалдыгы Мадриддеги саммиттин негизги темасы болот”,-деди.
Саммиттин «НАТО жана Европанын коопсуздугу үчүн бурулуш учурда» боло турганын белгилеген Альбарес, Орусиянын Украинага басып киришинен улам келип чыккан абдан оор бир мезгилден жана кыйынчылыктардан өткөндөрүн белгиледи.
Испаниянын тышкы иштер министри Мадридде 40 өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчылары болоорун, логистикалык жактан чоң кыйынчылык болгон мындай саммитти ар бир өлкө уюштура албастыгын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.