ДСУга мүчө өлкөлөр макулдашууга жетишти

Жабылыш сессиясынан кийин өткөрүлгөн пресс-конференцияда сөз сүйлөгөн ДСУнун башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала катышуучу министрлердин мурда болуп көрбөгөн келишимдерге жетишкенин билдирди.

1844735
ДСУга мүчө өлкөлөр макулдашууга жетишти

Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө өлкөлөр Швейцариянын Женева шаарында өткөн 12-Министрлер конференциясында реформа маселелери боюнча макулдашууга жетишти.

Жабылыш сессиясынан кийин өткөрүлгөн пресс-конференцияда сөз сүйлөгөн ДСУнун башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала катышуучу министрлердин мурда болуп көрбөгөн келишимдерге жетишкенин билдирип: «ДСУ көптөн бери мындай олуттуу сандагы көп тараптуу натыйжаларга күбө болгон эмес»,- деди.

ДСУнун сайтында жарыяланган 12-Министрлер конференциясынын жыйынтыгына ылайык, катышуучу мүчөлөр ашыкча балык уулоонун алдын алуу үчүн 20 жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан балык уулоого субсидияларды кыскартууга макул болушту.

Мүчө өлкөлөр ошондой эле дүйнө жүзү боюнча коронавирус (Ковид-19) вакциналарынын бирдей жеткирилиши үчүн вакциналардын патенттик укугунан убактылуу баш тартууга макул болушту.

Макулдашылган маселелердин арасында азык-түлүк коопсуздугу менен күрөшүү боюнча зарыл чараларды көрүү, коммерциялык продукцияны электрондук ташууда бажы төлөмдөрүнүн карызын дагы 2 жылга кечеңдетүү, келечектеги глобалдык эпидемияга каршы күрөшүүдө кызматташуу темалары орун алды.

 



Тектеш кабарлар