Байден: «Зеленский биздин эскертүүлөрүбүздү уккусу келген жок»

Орусиянын Украинага 24-февралда баштаган кол салуулары уланып жатканда Вашингтон-Киев линиясында чыңалуу жаралууда. Анын үстүнө бул тирешүү өз ара айыптоо менен күчөй баратат.

1841817
Байден: «Зеленский биздин эскертүүлөрүбүздү уккусу келген жок»

Украинадагы согуштун өнөктөштөрүнүн ортосунда тирешүү күчөдү.

Орусиянын Украинага 24-февралда баштаган кол салуулары уланып жатканда Вашингтон-Киев линиясында чыңалуу жаралууда. Анын үстүнө бул тирешүү өз ара айыптоо менен күчөй баратат.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин Орусиянын согуш башталаар алдында кол салууну пландап жатканы тууралуу чалгындоо маалыматын Киевге бергени тууралуу билдирүүсү отту тутандырды.

Байден: «Украинанын президенти Владимир Зеленский биздин эскертүүлөрүбүздү уккусу келген жок»,-деди. Бул билдирүүдөн бир күн өткөндөн кийин Киев дагы унчукпай калган жок.

Украина президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров эки лидердин Орусиядан келип чыккан коркунуч тууралуу бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эске салып: «(Байдендин) Зеленскийге карата «уккусу келген жок» деген билдирүүсүн тактоо керек»,-деп айтты.

Зеленский Орусиянын кол салуусунан улам АКШдан профилактикалык санкцияларды талап кылганын баса белгилеген Никифоров: «Бул жерде биз чындыгында биздин өнөктөштөр бизди уккусу келбегенин айта алабыз»,- деди.

Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк да АКШ президентинин айткандары туура эмес экенин билдирди.



Тектеш кабарлар