Индия менен Бангладеште сел, жер көчкү жана бороон...

Индиялык басма сөздө орун алган кабарга караганда Индия жана Бангладеште болгон сел, жер көчкү жана бороон миллиондогон адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизди.

1830223
Индия менен Бангладеште сел, жер көчкү жана бороон...

Индия жана Бангладеште жума башынан бери жааган жамгыр себеп болгон сел, жер көчкү жана бороондордо эң аз 57 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Индиялык басма сөздө орун алган кабарга караганда Индия жана Бангладеште болгон сел, жер көчкү жана бороон миллиондогон адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизди.

Индиянын Бихар провинциясында бейшемби күнү болгон катуу шамалдан кеминде 33 адам каза болду.

Өлкөнүн эң көп зыян тарткан аймактарынын бири болгон Бангладеш менен чектеш Ассам провинциясында 14 киши каза болду.

Ассамда кырсыктан 850 миңден ашуун киши жабыркаса, 90 миңден ашуун адам үйлөрүнөн чыгарылып, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.

Провинцияда көптөгөн үйлөр зыянга учурады. Облустагы айыл чарба жерлери жана айыл чарба өнүмдөрү селге багынган абалда.

Бангладештин түндүк-чыгышында нөшөрлөгөн жамгырдан улам дарыялар ташкындап, акыркы жылдардагы эң катуу сел апааты көрүлдү.

Аймакта 2 миллион адам кырсыктан жапа чеккен. Бангладеш бийликтери селден ушул убакка чейин 10 киши каза болгонун жарыялады.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Силхет шаарында 50 миңдей кожолуктун электр жарыгы өчүрүлдү. Белгиленгендей, суунун деңгээли түшпөгөндүктөн бир аз убакытка электр жарыгы берилбейт.

Эксперттер глобалдык ысуунун кесепетинен жаан-чачындын көбөйүшүнө байланыштуу Бангладеш менен Индияда дагы катуу кырсыктар болушу мүмкүн деп эскертишүүдө.



Тектеш кабарлар