БУУда Афганистан тема болгон кезексиз жыйын өттү

Норвегия тарабынан даярдалган билдирүүдө Талибанга аялдардын укуктарын чектеген саясаттарын карап чыгууга чакыруу салынат.

1826534
БУУда Афганистан тема болгон кезексиз жыйын өттү

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Афганистандагы Талибан убактылуу өкмөтү тарабынан аялдарга карата алып келинген «паранжа» мажбурдуулугун  сүйлөшүү үчүн кечээ кезексиз жыйын өткөрдү.

Британиянын БУУдагы элчиси Барбара Вудворд жабык өткөн жыйындан кийин журналисттерге берген маалыматында элчилердин БУУнун Афганистандагы  саясий миссиясынын ишмердүүлүгүн талкуулап, өзгөчө аялдар менен кыздардын абалына көңүл бурушту.

Норвегиянын БУУдагы элчисинин орун басары  Трин Хаймербэк жыйын алдында журналисттерге маалымат берип, талибдердин саясаты өлкөнүн каргашалуу экономикалык жана гуманитардык абалына эмес, аялдарды кысымга алууга багытталганын жана мунун зомбулукка жана радикалдашууга алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Норвегия тарабынан даярдалган билдирүүдө Талибанга аялдардын укуктарын чектеген саясаттарын карап чыгууга чакыруу салынат.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аялдар, тынчтык жана коопсуздук тууралуу расмий эмес эксперттик группанын тең төрагалыгын жүргүзгөн Ирландия жана Мексика да кечээ Кеңештин мүчөлөрүнө Талибандын акыркы чечимин  «коркунучтуу» деп мүнөздөгөн кат жиберди.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн Жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан сактануу министрлиги 7-майда жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жаңы эрежелерге ылайык, бойго жеткен аялдар үчүн “паранжа кийүү” милдеттүү экенин жарыялаган.



Тектеш кабарлар