АКШда баңги заттын кесепетинен өлүмдөр

2021-жылы өлкөдө баңги заттын ашыкча дозасынан улам каза болгондордун саны 2020-жылга салыштырмалуу 15 пайызга өсүп 100 миңден ашты.

1825844
АКШда баңги заттын кесепетинен өлүмдөр

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) өткөн жылы баңгизаттын ашыкча дозасынан улам 100 000ден ашуун адам каза болду.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборуна (CDC) караштуу Саламаттыкты сактоо статистикасынын Улуттук кеңсесинин (NHSC) маалыматына ылайык, 2021-жылы өлкөдө баңги заттын ашыкча дозасынан улам каза болгондордун саны 2020-жылга салыштырмалуу 15 пайызга өсүп 100 миңден ашты.

Саламаттыкты сактоо статистикасынын Улуттук кеңсеси, ашыкча дозадан каза болгондордун рекорддук көбөйүшүн коронавирус (Ковид-19) пандемиясы учурунда ооруканаларда орундун жок болушунан улам дарылануунун кыйынчылыгы, социалдык изоляция жана наркотикалык өзгөчөлүктөгү дары-дармектерге болгон суроо-талаптын көбөйүшү менен байланыштырды.

АКШда Ковид-19 пандемиясы күч алган биринчи жыл болгон 2020-жылы да ашыкча дозадан каза болгондордун саны андан мурунку жылга салыштырмалуу 30 пайызга көбөйгөндүгү кабарланган.



Тектеш кабарлар